Беш-Көл туз кени Жалал-Абад облусунун Тогузторо районунда, Нарын дарыясынын сол жээгинде, Тунуктуз кенинен 25 км чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте. Геол. изилдөөлөр 1927-,1941-,1977-ж. жүргүзүлгөн. Неоген мезгилинин туздуу-гипстүү катмарларынын арасында галиттин 8 кабаты кездешет. Неоген катмарынын калыңдыгы 200 м жетип, 500 м созулуп жатат. Туз кабаттарын туздуу чопо, чополуу галит катмарчалары бөлүп турат. Таза галит кабатынын калыңдыгы 1,5–3,5, чополуу галиттин калыңдыгы 2 м. Туз мал жегенге жарайт. Туздун болжол ресурсу 315 миң т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү