Беш-Таш ашуусуТалас Ала-Тоосунун түндүк чыгышында, Беш таш өрөөнүндөгү Коргоншанык суусунун оң куймасынын төрүндө жайгашкан. Бийикт. 3578 м. Шанык (3533 м), Коргоншанык (3425 м) ашуулары катарлаш жатат. Айрым тоо чокулары деңиз деңгээлинен 3969 м ге чейин көтөрүлөт. Аймакта рифейдин биотиттүү гранит, гранитдиорит, алардын үстүндө татаал түзүлүштөгү девон-карбон мезгилинде жиреп чыккан андезит, базальт, порфирит интрузиялары, кумдук, конгломерат акиташ тектери жатат. Ашууга 1948-50-ж. Талас жана Токтогул райондорун байланыштыруучу автомобиль жолу салынган. Экинчи «койжол» Түштүк Беш таштын төрүнөн чыгышты көздөй этектеп, Ак-Талаа өрөөнүнүн төрүн басып, 3212 м бийиктиктеги Арым ашуусун ашып, Арым жана Чычкан өрөөндөрүнө түшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү