Беш-Тоо
Беш-Тоо - Түндүк Кавказдагы обочо жайгашкан беш чокулуу тоо. Жанар тоонун атылуусунан пайда болгон лакколит. Пятигорск шаарына жакын жайгашкан. Бийиктиги 1400 м. Трахит жана липарит тоотектеринен түзүлгөн. Капталдарын жазы жалбырактуу токой (ясень, эмен, граб, бук) ээлейт, кыры токойсуз.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4