Беш мүйүздүү склеротиария

Беш мүйүздүү склеротиария (лат. Sclerotiaria pentaceros (Korov.)) - Бийиктиги 30 см ге чейин жеткен, поликарптык, ийиктей жоон тамырлуу өсүмдүк. Жалбырактары көп санда, кыска саптуу, сабаксыз. Жалбырактары үч ирет канаттай тилкелүү, узундугу 8 см; акыркы бөлүктөрүнүн узундугу 2,5 мм ден ашпайт. Чатыры узундугу бирдей нурлуу, борбордогусу 10 нурдуу, сабаксыз, мөмөлөйт, каптал чатырчалары көпчүлүк учурда мөмөлөбөйт. Чатырчасы 5-7 гүлдүү, гүлдөрү ар жыныстуу, чөйчөкчөсү 5 ланцеттүү-шибегедей, уругу бышып жетилгенде жыгачтанган тишчелүү; желекчелери сары, сүйрү. Мөмөлөрүнүн узундугу 6 мм ге чейин, жарым мөмөлүгү томолок-кырдуу.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июлда гүлдөп, августта мөмөлөйт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Түр Кыргыз тоо кыркасынын батыш бөлүгүнөн чогултулган бир гана типтин үлгүсүнөн белгилүү. Кийинки чогултулгандары, балким, Schrenkia же Schtschurowskia тукумдарына таандык деген күмөнү бар.

Өсүү шарттары түзөтүү

Үлгүсү таштуу-шагылдуу тоо беттеринин деңиз деңгээлинен 1700-1900 м бийиктиктеринен чогултулган.

Саны түзөтүү

Кийинки издөөлөрдөн табылган эмес.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Балким, чексиз мал жаюу.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Казак ССРинин Кызыл китебине киргизилген (1981), себеби Аксу-Жабаглы коругунда тиешелүү биотоптору бар, ошондуктан түр жөнүндө такталбаган маалыматтар берилген. СССРдин Кызыл китебине киргизилген (1984). Кыргызстанда Кызыл китепке 1985-жылы киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Жаратылыштан түрдү издөө иштерин улантып, ботаникалык заказник уюштуруу.

Статусу түзөтүү

CR B2ab( i i i ) . Монотиптүү тукумдун эндеми.

Колдонулган адабияттар түзөтүү