Биатлон - (bi. жана гр- athlon мелдеш) спорттун кышкы түрү. Оюнчу белгиленген чекке лыжа менен жарышып, мылтык менен бутаны атып мелдешет. Анда 20 км жүрүштүн 5-18 км аралыгында оюнчу 4 атуу чегинен 150 м аралыктагы бутага 5тен ок атат. Ар бир жаза атууга 2 мин штраф берилип, жалпы убакытка кошулат. Спорттун азыркы 5 түрү жана биатлон боюнча Эл аралык союзу 1948-ж. негизделген. Ал 1960-жылдан кышкы Олимпиялык оюндардын программасына кирген, 1958-жылдан дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү