Бивис менен Баттхед (англ. Beavis and Butt-Head) - Майк Жаж тарабынан ойлоп табылып, стилдештирилген америкалык ситком. Ситком Жаждын 1992-жылы Liquid Television каналында көрсөтүлгөн "Бака бейсболу" (англ. Frog Baseball) кыска метраждуу тасмасына негизделген. Бул кыска метраждуу тасмадан кийин MTV Жаж идеясын өнүктүрүүсү боюнча келишимге кол коюшкан. Ситком 1993-жылдын 8-мартынан баштап 1997-жылдын 28-ноябрына чейин көрсөтүлгөн. Кийин ситкомдун жаңы сегиз сезону чыккан. Алар 2011-жылдын 27-октябрынан 29-декабрына чейин көрсөтүлгөн. 1996-жылы сериялар "Бивис менен Баттхедтин Америкага көрсөткөн кылыктары" (англ. Beavis and Butt-Head Do America) аталышындагы анимациялык тасмага ылайыкташтырылган.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү