Бигмен - (англисче «чоң киши») алгачкы общиналык доор бузулуу доорундагы жол башчылардын өзгөчө түрү (Меланезия, Полинезия ж.б.). Бигмендин бийлиги ишти жакшы аткарган, чарбаны уюштургуч, кол башчы, сөзмөр чечен ж.б.у.с. көрүнүктүү жеке сапаттарына жана бир кыйла артыкбаш азык түлүктүн колуна топтолушуна негизделген. Коомдук аткарган функциясы боюнча бигмен уруу башчысы, аксакалы, кол башчылык даража менен тең келген. Бул коомдук кызматка жеке сапаттарына карата шайланышкан. Бул алгачкы жамааттык коомдо, өзгөчө «аскердик демократия» доорунда өөрчүп-өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү