Бижутерия (французча  bijouterie – зергер буюмдары менен соода кылуу) – зергердик буюмдардын ролун аткарган, анча баалуу эмес таштардан, түстүү металлдардан, жошунду, айнектен жасалып, фабрикадан чыгарылган аялдын асем буюмдары (шуру, шакек, төөнөгүч ж. б.). XX кылымда металл жана айнек Б. кийимге модалуу толуктоолорду киргизген көркөм өнөр жайдын өз алдынча бир тармагы катары бөлүнүп чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү