Бизнесмен (англ,businessman - ишкер, эпчил) - бизнес менен иш алып баруучу адам, коммерсант, ишкер.

Бул «акча табуу», тиешелүү капиталга ээлик кылып, топтогон акчасы дайыма жүгүртүүдө болуп, киреше алып келген, б.а. экономикалык, коммерциялык активдүү иш-аракеттер менен илешкен адам. Карамагында эч кимиси жок, өз алдынча аракет кылган, ишке жөндөмдүү адам же белгилүү бир мекемеде, уюмда эч кандай туруктуу кызмат ээлебеген, бирок анын акцияларынын ээси катары саналып, анын башкармалыгынын мүчөсү болуп турган жеке менчик ээси Бизнесмен болушу мүмкүн. Ал кандайдыр бир жеке менчик ишкана ээси болушу мүмкүн. Бирок, айрым учурда өзү да менеджмент, маркетинг, финансы сыяктуу чөйрөлөрдө жалданып иштеши да ыктымал. Базар экономикасынын нугунда өнүккөн өлкөлөрдө «бизнесмен» терминин көп убакта «менеджер» термини менен окшоштуруп дагы жүрүшөт. Ошондой болсо да булар эки башка термин деп эсептөө зарыл. Мында менеджер милдеттүү түрдө туруктуу кызмат аткарып, анын карамагында атайын иштеген адамдары болгондугу менен өзгөчөлөнөт.

Бизнесмендин коомдогу социалдык жана экономикалык жактан ээлеген орду пайда алуучу анын капиталынын өлчөмүнө гана эмес, ошону менен бирге өндүрүш иш-аракеттерин өнүктүрүүгө кошкон салымы, жаңы жумушчу орундарын уюштуруусу, районго, облуска, мамлекетке жардам көрсөтүүсү жагынан дагы көз каранды болууга тийиш. Бизнесмендин моралдык-этикалык жактан дагы калыптанышынын олуттуу мааниси бар. Анткени кызмат абалына байланыштуу этиканы сактай билүү, атаандаштыктын акыйкаттуу, мыйзамга ылайык келгидей ыкмаларын пайдалануу, формалдуу жана ага тиешеси азыраак милдеттенмелерди так аткаруу талап кылынат.

Ушундай жагдайга тыгыз байланыштуу Бизнесмендин Жапон менеджментинин теоретиги Коносуке Мацусита жазып калтырган жети осуяты кыргыз Бизнесмендеринин туура калыптанышы үчүн өтө маанилүү:

  • кууланба, ак ниеттүү жана адил бол;
  • өз милдетиңди туура жана так аткара бил;
  • кечеги күнкү жашоо нугунда туруп калбастан өзүңдүн таанып-билүүңдү дайыма өркүндөтүүгө жетиш;
  • айлана-чөйрөңдөгүлөргө сый-сыпат жана түшүнүү менен мамиле жаса;
  • тышкы дүйнө жөнүндө дайыма эстен чыгарбай, анын өнүгүү мыйзамдарына ийкемдүү бол;
  • колуңда болгонго жана ала турганыңа каниет кыл, биз бардыгын коомдон карызга алабыз;
  • сен ким үчүн иштеймин деп сурамчы боло бербегин, ага бир гана жооп бар - элиңдин келечеги үчүн коомго иштейсиң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8