Бийиктикке узун камчы аркылуу секирип өтүү

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 5—8 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнда аспап катары узун камчы колдонулат.

Даярдануу түзөтүү

Эки адам узун камчынын эки учунан кармашкандан кийин оюндун кезеги жана шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Камчыны макулдашышкан бийиктикте кармашып турушат. Калгандары кезектери келгенде бирден жүгүрүп келип күүлөнүшүп камчыдан секирип өтүүгө тийиш. Камчыдан секирип өткөндөр үчүн камчынын бийиктиги улам өйдөлөнөт. Оюндун жеңүүчүсүн аныктагыча өткөрүлө берет. Камчыдан секирип өтө албай калгандары, оюндун жеңүүчүсүн аныктагыча күтүшөт.

Оюндун башка түрү. Керилген аркандан секирип өтүү, бакандан секирип өтүү.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Камчыны макулдашышпай көтөрүүгө, түшүрүүгө, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Секирип түшчү жер жумшак, ыңгайлуу болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, секирүүнүн ыкмаларын, түртүнүүнү үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү