Бийликтин легитимдүүлүгү жана эффективдүүлүгү

Бийликтин легитимдүүлүгү жана эффективдүүлүгү - алардын өз ара катнашы жана бири-биринен көз карандылыгы.

«Легитимдүүлүк» терминин французчадан «мыйзамдуулук» же «мыйзамдашкан» деп которуп жүрүшөт. Мындайча котормо бул илимий терминдин так маанисин бербейт. Легитимсиз бийлик деле мыйзамдын чегинде жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгер бийлик жалаң эле мыйзам чегиндеги мажбурлоого (экономикалык же психологиялык күчкө салуу ж.б.) таянса, анда анын мүмкүнчүлүгү чектелүү болот. Бийлик мамилелери табиятынан субъект менен объекттин өз ара катнашы болгондуктан, мажбурлоо менен макулдуктун өз ара байланыштарына таянат. Бийлик бул кимдир бирөөнүн үстүнөн болгон мажбурлоосунун натыйжасы гана эмес, ошондой эле калктын ыктыярдуу түрдө, өз ниетинен бийликке баш ийишинин да натыйжасы болууга тийиш. Бийликтин бедели, калктын ага болгон ишеним даражасы, адилеттүүлүгү, ачыктыгы - «легитимдүүлүк» термини менен белгиленет.

Бийликтин легитимдүүлүгүнүн үч түрү бар:

1) Традициялык легитимдүүлүк - салтка, илгертеден бери баш ийип келе жаткан бийликке ишенүүгө негизделген. Бул падышалардын, хандардын, монархтардын, б.а. бийлиги атадан балага мураска өткөн саясий режимдин бийлиги. Традициялык легитимдүүлүк өзүнүн бекемдиги жана узактыгы менен айырмаланат. Япония, Улуу Британия, Швеция, Сауд Аравиясы ж.б. өлкөлөр буга мисал боло алышат.

2) Харизматикалык легитимдүүлүк - бийлик ээсинин өзгөчө бир сапатына, укмуштай жөндөмүнө б.а. харизмага ишенүүгө негизделген. Жетекчини пайгамбарга теңеп, анын жеке керт башына сыйынуучулукту пайда кылат. «Харизма» термини грекчеден которгондо «теңир берген жөндөм» дегенди билдирет. Адатта, харизматикалык легитимдүүлүк өткөөл мезгилдерде, революциячыл кайра курууларда же стабилдүү эмес коомдордо пайда болот.

3) Рационалдык -укуктук (демократтык) легитимдүүлүк - кабыл алынган эрежелердин, мыйзамдардын тууралыгына болгон ишенимге негизделген. Мындай эрежелерге эркин шайлоолор, мыйзам жолунун улуктугу, мыйзам алдында бийликтер менен жарандардын бирдей жоопкерчилиги, саясаттын адептүүлүгү ж.б. кирет. Легитимдүүлүктүн бул үчөөнөн башка да көптөгөн түрлөрү бар: идеологиялык, таптык, структуралык ж.б.

Бийликтин легитимдүүлүгү калктын саясий маданиятына негизделет жана ал легитимдүүлүктүн түзүлүшүнүн жарандардын баалуулук түшүнүктөрүнө дал келүүсүн билдирет. Ошентсе да жарандардын бийликке карата мамилеси жалаң эле баалуулук (адептүүлүк нормасында) түрүндө эмес, ошондой эле, баа берүү мамилеси, эффективдүүлүк түшүнүгү менен мүнөздөлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8