Бийликтин эффективдүүлүгү

Бийликтин эффективдүүлүгү - бул анын натыйжалуулугу, коомдогу өзүнүн функцияларын аткаруу деңгээли, жарандардын, биринчи кезекте, алардын өтө таасирдүү катмары - элитанын күтүү-тилектерин ишке ашыруу.

Бүгүнкү күндө Бийликтин легитимдүүлүгү менен эффективдүүлүгү - бийликтин туруктуулугунун эки эң негизги факторлору, элдин бийликке болгон ишеними жана колдоосу. Бийликтин легитимдүүлүгү менен ээффективдүүлүгү өздөрүнүн мотивдери боюнча айырмаланып турганы менен, өз ара байланышта болушат. Барып келип Бийликтин легитимдүүлүгүнүн жогоруда биз сөз кылган түрлөрүнүн кайсынысы болбосун элдин Бийлик эффективдүүлүгүнө болгон үмүтү, б.а. өз талаптарын канааттандырууга карата болгон үмүтү менен аныкталат. Мис., көптөгөн авторитардык режимдер, башында легитимдүүлүгү жетишпеген өлкөлөр (Чили, Түштүк Корея, Бразилия ж.б.) ийгиликтүү экономикалык саясат, коомдук тартипти бекемдөө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу аркылуу легитимдүүлүккө жетишишкен. Бирок, легитимдүулүгү жетишсиз, б.а. жарандардын ишеними жана колдоосу жетишсиз болсо, анда эффективдүүлүккө жетишүү өтө татаал. Бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттер легитимдүлүк кризисинин азабын тартууда, алардын катарына бүгүнкү Кыргызстан да кирет десек туура болот.

Бийликтин легитимдүүлүгүнүн түшүшүнүн төмөнкүдөй белгилери бар:

  • 1) мажбурлоо даражасынын өсүшү;
  • 2) адамдардын эркиндиктеринин жана укуктарынын чектелиши;
  • 3) саясий партиялардын саясий турмушка катышууга укуктук негиздеринин тардыгы;
  • 4) эркин басма сөздүн укуксуздугу;
  • 5) бийликтин коррупцияга батышы жана анын криминалдык курумдар менен жалгашып

калышы;

  • 6) бийликтин экономикалык эффективдүүлүгүнүн төмөндүгү.
  • 7) бийликтин легитимсиздигинин эң негизги көрсөткүчү. Революция, мамлекеттик көңтөрүш - Бийликтин легитимдүүлүгүнүн түшүшүнүн эң жеткен чеги болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8