Бийлик коридорлору - XIX к. Дизраэли: «Чоң ийгилик менен ардактуу орунга жетишүүнүн жолу Бийлик коридорлору аркылуу гана өтөт» - деп ырастаса дагы салыштырмалуу кечээ жакында чыккан аныктама.

Ал аркылуу өкмөткө, ошондой эле чечимдерди кабыл алууга активдүү таасир эткен кеңешчилер менен серепчилерге катар эле көшөгө артындагы саясатчылар, лоббисттер (Лобби), басым кылуу топтору аркылуу жүзөгө ашырылган мыйзам чыгаруу жана сот бийликтерине таасир этүү феномени белгиленет. 60-ж. чейин ал пресса беттеринде «саясий турмуштун кулуарлары» аныктамасынын аналогу катары чыккан, бирок Ч.Сноунун «Бийлик коридорлору» (1964) деп аталган белгилүү романынан кийин жалпы кабыл алынган аныктама болуп калды. Күнөөлөө иретинде колдонулат, анткени массалык саясий аң-сезимде Бийлик коридорлору - ыплас иштердин, политиканствонун, алдоо стратегияларды иштеп чыгуунун орду.

Азыркы саясат таануучулар кайсы бир демилге, программа, мыйзам чыгаруу акциясы көшөгө артындагы саясий күчтөр, басым көрсөтүү Топтору, ал эми көп учурда өз бийлик-укуктарынын чегинен чыгып, мамлекеттик тармактар тарабынан коррупцияланган ж.б. чиновниктердин макиавеллдик ыкмаларынын жардамы менен кармалып жатса, «бийлик коридорлорунун синдрому» жөнүндө жазышат. Саясаттын тилинде жолуккан синонимдик аныктама - саясий турмуштун кулуарлары (франц. couloir-коридор жана көшөгө), көшөгө артындагы саясий турмушту (XIX к. 60-ж. ортосунда колдонууга киргизилген «театр кулуарлары» аныктамасы андан мурда колдонулган); саясий ишмерлер менен кызыкчылык топторунун сүйлөшө турган жерин; мыйзам чыгаруу жыйындарынын мүчөлөрүнө (туз жана кыйыр) басым жасоо тажрыйбасын көргөзөт. «Бийлик коридорлору » аныктамасы «бийликтин географиясын», өлкөнүн жетектөөчү саясий мекемелеринин жайгашкан жерин же локалдуу аймакты, ошондой эле кайсы бир ишкана, мекеме же ведомство тарабынан ээленген имараттын жетекчилигинин жайгашкан ордун дагы көргөзөт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8