Бийск
(«Бийск шаары» барагынан багытталды)
Бийск шаары – Орусыядагы шаар. Алтай крайынын түштүк-чыгышында. Бия районунун борбору. Калкы 180 миң (2024). Бия дарыясындагы порт. Шаар аркылуу Новосибирск Ташанта (Чүй тракты) автомобиль жолу өтөт. Темиржол бекети. Аэропорту бар. 1708-09-ж. Бикутан абагы катары негизделген. 1915-ж. Бийск Транссибирь магистралына темиржол аркылуу кошулган. Педогогикалык институт, университет, техникалык университет, драма театр бар. Алтай крайындагы өнөр жайдын өнүгүшүнүн көлөмү боюнча 2-шаар. Бийск казан заводу (Россиядагы кичи жана орто кубаттуулуктагы казандарды чыгаруучу ири ишкана), «Алтай витаминдери» (крайдагы эң ири фармацевтика ишканасы), айнекпластика заводу, фанера-ширеңке комбинаты, тигүү фабрикасы иштейт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4