Бикиртик мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү, Какшаал кырка тоосунун түндүк капталында. Узундугу 4,2 км, аянты 4,7 км2. Ак-Шыйрак суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4615 м, этеги 3890 м бийикте жатат. Ал өрөөндүн оң капталынан орун алып, оң тарабынан каптал морена, төмөн жагынан этек морена жалчалары менен торолгон. «Тили» бузулган мөңгүлөр менен татаалданган. Мөңгүдөн Бикиртиктин оң куймасы – Сарытөр суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү