Beeline tap pro планшетин персоналдык компьютердин ордуна колдонууга болот: ал чалуу аткарууга, кат жазышууга, китеп окууга, музыка угуп, видео көрүүгө, ар кандай оюндарды ойноого, интернет баракчаларды секундасына 21,6 мегабитке чейинки ылдамдыкта кароого мүмкүнчүлүк берет.Бул девайс баасынын төмөндүгүнө карабай өз сегментинде мыкты мүнөздөмөлөргө ээ. Планшеттүү компьютердин 1,3 ГГц кубаттуу төрт ядролук процессору, 7 дюймдук сенсордук дисплейи, эки камерасы (3,2 мегапикселдик негизги жана 0,3 мегапиксель фронталдык), ошондой эле сыйымдуу аккумулятору бар. Планшеттин оперативдик эс тутуму – 1 Гб, орнотулган эс тутуму – 8 Гб. beeline tap pro 32 Гб.ка чейинки microSDHC эс тутум карталарын кармайт. GPS, A-GPS орнотулган жана Bluetooth менен Wi-Fi бар. Smart-түзүлүш Google Android 5.0 Lollipop операциялык системинин башкаруусунда иштейт. Beeline Tab планшеттүү компьютери Beeline тармагында иштөөгө ылайыкталган.

Кыргызстанда түзөтүү

Beeline планшетти сатып алганда бонус – 4 Гб интернет-трафик (айына 2 Гб.тан) берет.

Шилтемелер түзөтүү