Билим сапатын көзөмөлдөө

Билим сапатын көзөмөлдөө – билим берүү процессинин зарыл компонентинин бири.

Билим сапатын көзөмөлдөө системасы мугалимдин, о. эле билим берүү мекемесинин ишинин сапатын аныктоого багытталат. Билим сапатын көзөмөлдөө окутуунун жыйынтыгы күнүмдүк көзөмөлдөө, тематикалык көзөмөл-дөө, жыйынтыктоочу көзөмөлдөө болуп бөлүнөт. Күнүмдүк көзөмөл-дөөнү негизинен мугалим жүргүзөт. Анын негизги максаты – окуучулардын учурдагы билгичтиктеринин калыптанышын текшерип туруу.

Жыйынтыктоочу көзөмөлдөө мугалим окуучунун билиминдеги мүчөлүштүктөрдү өз убагында байкап, керектүү оңдоолорду киргизет. Тематикалык көзөмөлдөө окуучулар тарабынан программанын чоң темаларынын кандай өздөштүрүлгөндүгүн байкоого багытталат. Жыйынтыктоочу көзөмөлдөө окуу жылынын ичинде 4 жолу жүргүзүлөт (1, 2, 3, 4-чейректен кийин). Аны мугалим өзү же мектептин администрациясы жүргүзөт.

Окуу жылынын аягындагы текшерүүнү башкаруучу органдар (билим берүү департаменти, райондук, облусутук бөлүмдөрү, министрлик) жүргүзүшү мүмкүн.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,