"Биллди өлтүрүү: 1-бөлүк" (англ. Kill Bill: Vol. 1, орус. Убить Билла. Фильм 1, башында "Биллди өлтүрүү" деп жарыяланган) - 2003-жылы Квентин Тарантино жазган жана тарткан америкалык таймаш искусствосу тасмасы. Тасмада турмушка чыгып жаткан колуктунун ролун аткарган Ума Турман зөөкүр киши өлтүргүч топтон (Лүси Лү, Майкл Мэдсен, Дэрил Ханна жана Вивика А. Фокс) жана өзүн жана төрөлө элек ымыркайын өлтүрүүгө аракет кылган киши өлтүргүчтөрдүн башчысы Биллден (Дэвид Кэррадайн) өч алуусун улантат. Колукту өч алуу жолунда Жапонияга чейин барып, Токио якудзасы менен мушташат.

Биллди өлтүрүү: 1-бөлүк
Режиссеру Квентин Тарантино
Продюсер Бендер Лоренс
Жазуучу Квентин Тарантино
Оператору Роберт Бриж Ричардсон
Негизинде The Bride
автору: Q&Ума Турман
Тартылгандар
Музыкасы Ро́берт Диггз
Various Artists
Редактору Салли Менке
Студия A Band Apart
Жайылтуучу Miramax Films
Чыккан жылы
  • октябрь 10, 2003 (2003-10-10)
Узактыгы 111 мүн.
Өлкөсү  АКШ[1]
Тили Англис
Бюджети $30 млн[2]
Киреше $180.9 млн[2]

Тарантино "Биллди өлтүрүү" тасмасын аз бюджеттүү таймаш искусствосу тасмаларын, самурай тасмасы жанрын, кара түстүүлөр тасмаларын, "спагетти вестерн" жанрын камтыган "грайндхаус" тасмаларына болгон урмат-сый деп эсептейт. Тасманы "Production I.G" анимациялаган. Тасманын эки бөлүгү бир өндүрүлгөнү менен 1-бөлүм 2003-жылы 10-октябрда, ал эми 2-бөлүмү 2004-жылы чыккан. Тасма башында бир эле бөлүк болуп чыкмак болгон. Бирок убакыты 4 сааттан ашып кеткендиктен тасма эки бөлүккө бөлүнгөн. Тасма $180млн киреше алып келүү менен Тарантинонун эң көп сатылган тасмасы болуп эсептелет.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Kill Bill -- Vol. 1. American Film Institute. Текшерилген күнү 4 -декабрь (бештин айы) 2016.
  2. 2.0 2.1 Kill Bill Vol. 1 (2003). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 29 -июнь (кулжа) 2011.