Биметаллизм
Биметаллизм – бүтүндөй жалпы эквиваленттин ролу эки баалуу металлга (адатта алтын менен күмүшкө) бекитилип берилгендеги; ал экөөнөн эркин монета (тыйын) жасоо каралган жана чектөөсүз жүгүртүүгө чыгарылган акча тармагы. Б-дин 2 түрү белгилүү: а) мыйзамда алтын менен күмүштүн ортосундагы теңсалмактуулук белгиленбеген жарыш валюта тармагы; б) мамлекет эки металлдын ортосунда белгилүү тең салмактуулукту аныктаган кош валюта тармагы.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7