Биогеосфера - (био..., гео..., ...сфера) Жер шарынын организмдер топтолгон кабыгы; литосферанын, атмосферанын жер бетине жакын жайгашкан бөлүктөрүн камтыйт. Биогеосфера биосферага караганда тарыраак түшүнүк. Биогеосфера Жердин адам баласынын жашоосу жана тиричилиги үчүн ылайыктуу катмары. Терминди 1956-ж. орус географы Ю. К. Ефремов киргизген. Биогеосферанын айрым синонимдери тиричилик кабыгы (В. И. Вернадский), биогеоценоз катмары (В. Н. Сукачев), фитогеосфера (Е. М. Лавренко), эпигенема (И. Р. Аболин), витасфера (А. Н. Тютюканов жана В. Д. Александров) ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү