Организмдин физиологиялык абалы жыл бою бир калыпта болбой, өзгөрүп турат. Мындай өзгөрүүлөр тиричилик жаратылышында бир мезгилден экинчи мезгилге өтө жай өтөт. Физиологиялык өзгөрүү мезгил боюнча күндүн кыскарышына, температуранын өзгөрүшүнө жана жалпы тирилчилик кыймылдарынын активдүүлүгүнө көз каранды, мындай күн жарыгына байланыштуу өзгөрүү фотомезгилдик же фотопериодизм деп аталат.
Мезгилдик өзгөрүүдө, мисалы, күзүндө суук боло баштаганда бак дарактардын жалбырактары түшүп, жаныбардын денесиндеги түктөрү көбөйөт, көптөгөн жаныбар кыштын келиши күтпөй (суурлар, сары чычкандар, кескелдириктер ж.б.) узакка созулган чээнге кирет. Жаз келгенде жер бетинин ыраңы өзгөрүп, көгөрүп, чөп, дарактар гүлдөйт, келгин куштар биринин артынан бири келет, жаныбар узакка созулган чээнден чыгат, тирилчилик кыймылы башталат, жаныбардын кууту жүрөт, бул мезгил жай мезгилине өтүп, бул учурда дарактар гүлдөшөт, мөмө байлап, жаныбар төлдөшөт. Бул мезгил акырындык менен ж.п күз мезгилине өтөт. Эукариоттордун (бир жана көп клеткалуулар) суткалык, мезгилдик жана ай мезгилинине карата болгон күн жарыгынын өзгөрүүсүнө карата тирилчилик кыймыл аракеттердин өзгөрүүлөрү биологиялык саат деп аталат.

Жарыктын, супрахиазматикалыкядро аркылуу кишинин циркаддык ритмдерине, психологиясына жана жүрүм-турумуна таасирин иллюстрациялаган диаграмма

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. "Биология" энциклопедиялык окуу куралы. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4