Биологиялык тазалоо - тиричиликтен жана өндүрүштөн чыккан булганч сууларды тазалоо ыкмасы. Булганч органикалык заттарды (эриген жана эрибеген) биохимиялык жактан бөлүп ажыратуучу (минералга айландыруучу) микроорганизмдердин иш-аракетинин негизинде жүрөт. Бул заттар микроорганизмдердин (бактериялардын) жашоотиричилиги үчүн керектүү азык жана энергия булагы. Микроорганизмдердин демалуу процессинде органикалык заттар кычкылданып, алардын тиричилигине керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Бул энергиянын бир бөлүгү клетка заттарын синтездөөгө, башкача айтканда бактериялардын, кыймылдуу чөгүндүлөрдүн жана тазалоочу курулмалардагы суу бетиндеги организмдердин санынын көбөйүшүнө жумшалат. Булганч суулардагы органикалык бирикмелерди минералга айландырууда бактериялар катышат. Алар кычкылтекти пайдалануусуна жараша 2 топко бөлүнөт: аэробдор (демалганда сууда эриген кычкылтекти пайдалануучу) жана анаэробдор (эркин кычкылтек болбогон шартта жашоочу). Булганч сууларда эриген органикалык заттардан тышкары, калкып жүргөн заттар, чайырлар, майлар кездешет. Биологиялык тазалоонун алдында тор, кумтоскучтар, тундургучтар аркылуу ал заттардан сууну арылтуу зарыл. Аэробдуу биологиялык тазалоо сугат жерлерде, чыпкалоочу талааларда, биологиялык көлмөлөрдө, аэротенктерде, аэрочыпкаларда жүргүзүлөт. Мындай шарттарда микроорганизмдердин жашоо тиричилиги жогору болот. Анаэробдуу тазалоодо метатенктер (жасалма чөйрө) колдонулат. Тазалоочу курулмалар суунун булгануу мүнөзүнө, өлчөмүнө, жергиликтүү шарттарга, суунун тазалык сапаттарына ж. б. жараша тандалып алынат. Толук тазалоонун натыйжасында биохим.иялык жактан кычкылдануучу органикалык заттар сууда дээрлик калбайт. Натыйжада суунун бактериялык булгануусу төмөндөп, тунуктуулугу артат. Микроорганизмдердин жашоо-тиричилиги үчүн жетиштүү сандагы биологиялык элементтери (азот, фосфор, калий) бар булганч суулар биологиялык тазалоодон өткөрүлөт. Биологиялык тазалоонун алдында айрым учурларда булганч сууларга биогендик элементтер туздардын эритмеси түрүндө кошулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү