Биоорганикалык химия – орг. бирикмелер түзүлүшү менен алардын биологиялык функциялары ортосундагы байланышты изилдөөчү илим. Б.х. объектилери - биологиялык маанилүү жаратылыш жана синтездик бирикмелер. Алар углеводдор, белоктор, нуклеин к-талары, ферменттер, витаминдер, гормондор, антибиотик жана башка Б. х. негизги максаты:

1. Жаратылыш бирикмелерин алуу жана тазалоо методдорун иштеп чыгуу.

2. Ар кандай физ.-хим. методду колдонуп (аны менен бирге ферментик) изилденүүчү бирикмелер түзүлүшүн жана конфигурациясын аныктоо.

3. Жаратылыш бирикмелери жана алардын аналогдорун синтездөөнүн методун иштеп чыгуу. Жаратылыш бирикмелер структурасын далилдөө максатында кошумча синтезди колдонуу.

4. Заттар биологиялык активдүүлүгүнүн алардын түзүлүшүнө көз- карандылыгын изилдөө. Биологиялык активдүү зат тирүү организм жана анын компоненттери менен өз ары аракеттенүүсүнүн механизмин изилдөө. Б.х. 20-к. экинчи жарымында биохим-нын жана орг. хим. чегинде калыптанган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү