Биота (грек тилинен biota - жашоо) - кандайдыр бир белгилүү территорияны ээлеген, тарыхый калыптанган бардык тирүү организмдер жыйындысы. Биоценоздон айрымасы организмдер ортосундагы экологиялык байланыш эске алынбайт. Мисалы, экосистема биотасы, кургактык биотасы, токой биотасы, океан биотасы, биосфера биотасы ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4