Биота факторлору — бир түрдүн организмдеринин башка түрдүн организмдерине, ошондой эле аларды курчап турган жансыз чөйрөгө тийгизген таасирлеринин жыйындысы. Алар түр ичиндеги (демографиялык, экологиялык жана башкалар) жана түр аралык (симбиоз, мутуализм, митечилик, жырткычтык ж. б.) болуп бөлүнөт. Өсүмдүктөр, жаныбарлар жана микроорганизмдердин арасындагы карым-катнаш өтө ар түрдүү болгондуктан, алар түз (бир түрдүн организмдеринин экинчи түрдүн организмдерине кескин таасир этиши) жана кыйыр (мисалы, өсүмдүктөр чөйрөнүн абиота факторлорунун режимин өзгөртүү аркылуу башка организмдер тобуна таасир этиши) байланышта болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү