Биотит
Биотит - (француз илимпоз Ж. Б. Бионун ысмынан) слюдалар тобундагы минералдык Химиялык формуласы КГе, Mg)3[(Al2Fe)Si3O10](OH, F)2. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү кара, кара күрөң, кочкул жашыл, коңур күрөң. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,5-3. С. салмагы 2,7-3,3. Тоотектерди түзүүчү минерал иретинде ар түрдүү магма жана метаморфизм тоотектеринин курамында болот. Биотит электртехникасында жана боёк жасоодо колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4