Биотүрдүүлүк - түрлөрдүн өкүлдөрүнөн турган тирүү организмдердин, өсүмдүктөрдүн жыйындысы. Биотүдүүлүк көп түрдүүлүккө ээ болуп, айлана чөйрөдөгү ар түрдүү экологиялык факторлордун таасирине туруктуу келет. Айлана-чөйрөдөгү шарттар оптималдуу, ресурстар жетиштүү болсо анда түрдүн курамы өтө бай болот. Ошондой эле, биотүрдүүлүк курамы тарыхый эволюциялык жактан калыптануу убактысына да байланыштуу. Жаш, жаңы калыптанып жаткан жана адамдын тиричилик аракетинин натыйжасында пайда болгон биоценоздор (айдоо аянттары, каналдар, суу сактагычтар) түрлөрдүн курамына жарды келет. Организмдердин көп түрдүүлүгү ал жердеги чөйрөлөрдүн ар түрдүүлүгүнө жараша болот. Суунун жээктери, эки ландшафттын чектешкен жерлери жана башка аймактар адатта көп түрдүүлүккө ээ. Тирүү организмдердин чөйрөсү параметрлерин абиота факторлору менен бирге, ал жердеги организмдердин тиричилик аракетинин жүрүшү да аныктайт. Анткени, организмдердин түрлөрү бири-бири менен трофикалык жана тоникалык тыгыз байланышта болот. Биоценоздогу түрлөрдүн запасы канчалык көп болсо, биоценоз айлана-чөйрөдөгү тынымсыз таасир этүүчү ар кандай экологиялык факторлорго туруктуу болот. Айрым учурда саны аз кездешкен түрлөр (биоценоздо кайра калыптануусунан кийин) доминанттык абалга жетип, биоценоздун туруктуулугунун сакталышын камсыз кылат. Айлана-чөйрөдөгү жашоо шарттар канчалык өзгөчө катаал болсо, анда ал жердеги түрдүк курам ошончолук жарды, ал эми особдордун саны өтө жогору болот. Биоценоздун туруктуулугу түрдүк курамдын бай болушу менен тыгыз байланышып, көп түрдүүлүк канчалык жогору болсо, ал жердеги жаратылыш системалары (шалбаалар, токойлор, көлдөр ж. б.) экологиялык тең салмактуулукка ээ болуп, ар кандай экологиялык факторлордун таасирине чыдамдуу келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү