Биотүрдүүлүк конвенциясы

Биотүрдүүлүк конвенциясы - глобалдык деңгээлде каралган эл аралык экологиялык макулдашуулардын бири. 1992-ж. 5-июнда Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия) кабыл алынып, күчүнө 1993-ж. 29-декабрда кирген. Конвенциянын негизги максаты планетадагы биотүрдүүлүктү, башкача айтканда экосистеманын ар түрдүүлүгүн жана компоненттерин сактоо, ресурстардан алган пайданы калыс жана тең укукта бөлүштүрүү, технологияны туура колдонуу, каржылоо. Конвенция биотүрдүүлүк компонентеринин бардыгына («Юрисдикция сферасы» статьясы боюнча) улуттук юрисдикция чегинде (конвенцияга катышкан өлкөлөргө) таралат. Биотүрдүүлүк конвенциясы боюнча катышуучу тарап биотүрдүүлүктү туруктуу колдонуу жана сактоо боюнча өзүнүн улуттук стратегиясын, планын жана программаларын сектордук, сектор аралык деңгээлде иштеп чыгышы зарыл. Конвенциянын кээ бир жоболорунда табигый жана жасалма шарттарда биотүрдүүлүктү сактоо чаралары, ошондой эле конвенция чегинде мамлекет аралык кызматташуулар каралган. Ар бир тарап конвенциянын максатына жетиш үчүн жүргүзүлгөн иш-чараларга кеткен каражатты улуттук деңгээлде мойнуна алышы талап кылынат. Бирок, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге конвенция боюнча жоопкерчиликти аткарыш үчүн жаңы жана кошумча каражат булактары (өнүккөн мамлекеттер жана башка аркылуу) каралган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү