Биотa
Биотa - (гр. biotе жашоо) кандайдыр бир белгилүү аймакты ээлеген, тарыхый калыптанган тирүү организмдер жыйындысы. Биоценоздон айырмаланып, биотанын курамына организмдин ортосунда бири-бири менен экологиялык байланышы жок түрлөр кирет (мисалы, австралия фаунасына кирүүчү кенгуру жана кош демалуучу балыктар).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4