Биоценология
Биоценология - (биоценоз жана ...логия) жаныбарлар жана өсүмдүктөр коомдоштугун жана алардын жаратылыштагы өз ара байланышын изилдөөчү илим. Алардын курамын, түзүлүшүн, чөйрөсүн (биоценозун), өсүп-өнүгүү жолдорун изилдейт. Биоценология экологиянын жана гидробиологиянын негизинде пайда болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4