Биоэлектр кубулуштары (биоток, биоэлектр потенциалдары) — тирүү организмдердин ткань менен клеткаларында пайда болгон электр потенциалдары.

Биоэлектр потенциалдары организмдеги бардык физиологиялык процесстер менен байланыштуу биоэлектр кубулуштары козголуу процессин пайда кылып, ал нерв талчалары аркылуу өтүп, натыйжада скелеттин, кан тамырлардын, жүрөктүн булчуңдары кыскарат, без клеткасы өзүнүн секрециясьн чыгарат. Биоэлектр кубулуштары тамак сиңирүүнүн, бардык анализаторлордун негизин түзөт. Организмдеги бирикмелердин көбү оң жана терс заряддалган бөлүкчөлөр — иондор түрүндө болот.

Биоэлектр кубулуштарын өлчөө түзөтүү

Биоэлектр кубулуштарынын пайда болушуна тиричилик процессинде бул иондордун таралышы, аларды бир орундан экинчи орунга жеткирүү жана башка себеп болот. Тажрыйбада бардык биоэлектр кубулуштары атайын аспаптар (гальванометр) менен өлчөнөт. Азыркы кезде микроэлектроддордун жардамы менен клетка кабыгынын (мембрананын) ички жана сырткы жагынан электр потенциалдарынын айырмасын өлчөөгө болот.

Потенциал тынч жана потенциал козголуу түзөтүү

Клеткалык мембрананын сырты менен ич жагынын ортосунда дайыма потенциалдык айырма болуп, ал мембраналык потенциал же тынч абалдагы потенциал деп аталат. Ал биринчи иретте цитоплазма менен клетканы курчаган чөйрөнүн ортосунда натрий жана калий иондорунун текши эмес таралышынан келип чыгат. Клетканын козголуусунда кыймылдын потенциалы пайда болот, ал потенциал клетканын үстүнөн тынч абалдагы толкуну түрүндө секундасында бир нече ондогон метр ылдамдыкта жылат. Козголуу потенциалы клетка мембранасынын натрий иондору үчүн өткөргүчтүгү көбөйгөндүктөн келип чыгат.

Көп клеткалуу организмдин айрым бөлүктөрүнүн өз ара байланышы 2 түрдүү болот. Биринчи байланыш медиаторлор, гормондордун жардамы менен жүрөт. Бирок мындай байланыш информациянын тез берилишин (мисалы, кокусунан кол отко тийсе аны тартып алууну) камсыздайт. Аны клеткада пайда болгон электр импульстары гана камсыз кылат. Тирүү организм биотокторду пайда кылуудан башка, электр тогун да өткөрөт.

Биоэлектр кубулуштарынын түрү түзөтүү

Биоэлектр кубулуштарынын өзгөчө түрү — электр кинетикалык потенциал. Мисалы, кан тамырдын капталы менен жылган кандын ортосунда электр потенциалынын айырмасы пайда болот. Ал потенциалдын көрсөткүчү кээ бир патологиялык абалдарда өзгөрүлөт, диагностикада маанилүү роль ойнойт. Атайын аспаптар (осциллограф жана башка) менен түрдүү биоэлектр кубулуштарын өлчөө көпчүлүк оорулардын пайда болушун изилдөөдө, диагностика жүргүзүүдө көмөк болот. Мээнин электр активдүүлүгүн жазып, анализдеп кээ бир нерв жана психикалык ооруларды аныктайт. Жүрөктүн электр активдүүлүгүн жазып, жүрөк-кан тамыр системасын изилдейт. Булчуңдарда жүрүп туруучу биоэлектр кубулуштарыдын негизинде бут-колдун биоэлектр протездери жасалган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8