Био башкаруу — башкаруучу сигнал катары жандуу организмдердин ар түрдүү аракеттерин пайдаланып, приборлор, механизмдер жана түзүлүштөр менен башкаруу системасы. Биобашкаруу дүүлүктүрүүчү ткандар пайда кылуучу биоэлектр потенциалдары, жүрөк-кан тамыр жана демалуу системаларынын ишин коштоочу механикалык жана акустика кубулуштары, дене температурасынын өзгөрүшү ж. б га байланыштуу. Бардыгынан биоэлектрдик башкаруу системасы кеңири таралган. Мындай системаларда булчуңдар, жүрөк, мээ, нервдер пайда кылган биопотенциалдар адегенде күчөтүлүп, иштелип, андан ары команда берүүчү, башкаруучу сигналдарга айландырылат. Мээнин биопотенциалдарын пайдалануу электрэнцефалографы менен автоматтык башкаруучу приборлорду түзүүгө мүмкүндүк берген. Бул приборлор кычкылтек жетишсиздигин автоматтык түрдө билдирет, наркоз заттарын берүүнү автоматтык түрдө башкарат жана наркозду белгилүү стадияда кармап турат. Көпчүлүк приборлор жүрөк биопотенциалдары (оору учурунда электркардиограмманын мүнөздүү өзгөрүүлөрү) менен башкарылат. Приборлор диагностикалык, каттоочу аппараттарды иштетүүчү жана дарылоочу болуп бөлүнөт. Биоэлектрдик башкаруу техникада (аралыктан башкарылуучу биоманипуляторлордо) да колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү