Биплан
Биплан (лат. bis эки жана planum тегиздик) кош канаттуу самолёт. Канаттары фюзеляждын (тулкунун) эки жагында биринин үстүнө бири жайгашып, катуу жана бекем, ойкуп кайкып учууга ылайыктуу болгондуктан, негизинен учкучтарды окуп-үйрөтүү процессинде, чалгындоодо (1930-жылдарга чейин), айыл чарба жумушунда (Ан-2 жана башка), авиация спортунда колдонулган. Кийин анын ордуна чоң ылдамдыкта учуучу моноплан пайда болгон.
Колдонулган адабияттарОңдоо
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4