Бир
Бир — натуралдык сандын биринчиси; эсептөөнүн ондук системасындагы цифралардын бири. Белгилениши 1. Каалаган санды 1ге көбөйткөндө кайра эле ошол сан келип чыгат. Бир жөнөкөй да, курама да сан эмес.
Колдонулган адабият
түзөтүү- Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004