Бирдейлик - предметтин, кубулуштун өзүнө өзү тең барабар экенин же бир топ предметтердин бирдейлигин туюндуруучу философиялык категория.

Бирдейлик предметтердин, кубулуштардын салыштырмалуу туруктуулугуна, алардын касиеттеринин объективдүү барабарлыгына негизделген. Метафизика предметтердин Бирдейлигин түбөлүктүү, өзгөрбөс абсолюттук нерсе деп, ал эми аларда сапаттык өсүү процесси болбойт дейт. Маркстик философия Бирдейлик убактылуу, салыштырмалуу нерсе экенин, ал эми кыймыл (предметтердин өзгөрүүсү) чексиз экенин белгилейт. Предметтин сапаты өзгөргөнгө чейинки олуттуу касиеттери Бирдейликке шарт түзөт. Бирдейлик абстракттуу түшүнүк эмес, ички айырмасы, карама-каршылыгы бар, белгилүү шартка жараша өзгөрүп турган конкреттүү нерсе. Предметтердин, кубулуштардын Бирдейлик адамдын дүйнөнү таанып-билүүсү үчүн объективдүү өбөлгөлөр түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.