Биринчи империя - Францияда Консулдук башкаруудан (1799-1804) кийинки Наполеон I башкарган (1804-14 жана 1815) ири мамлекет. Консулдук режимдей эле биринчи империя мезгилинде империялык бийлик Француз революциясынын жеңип алууларын жойгонго аракеттенген, бирок анын натыйжасында пайда болгон буржуазиалык түзүлүштү бекемдеп, аскердик диктатураны орноткон. Биринчи империя кыйрагандан кийин Францияда Бурбондордун монархиясы калыбына келтирилген.

Колдонулган адабияттарОңдоо