Биринчи май - эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү. Биринчи май күнү жыл сайын жумушчулардын демонстрациясын өткөрүү жөнүндө чечим 1889-ж. июлда 2-Интернационалдын Париж конгрессинде кабыл алынган. Конгресс эмгек шарттарын жакшыртуу, жумуш күнүн 8 саатка чейин кыскартуу талабын коюп, бүткүл дүйнөдөгү жумушчулардын күчүн бириктирүү максатын колдоп, 1886-ж. Биринчи майда демонстрация жана иш таштоо уюштурушкан Чикаго (АКШ) шаарынын жумушчуларына тилектештигин билдирген. Эл аралык майрам катары алгачкы жолу 1890-ж. Австрия-Венгрия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Италия, АКШ, Россия, Норвегия, Франция, Швеция жана башка өлкөлөрдө (Улуу Британияда 4-май 1890-ж.) өткөрүлгөн. 1917-жылдагы Февраль революциясынын жеңишинен кийин Россияда биринчи май эркин белгиленип, көчөлөргө миллиондогон эмгекчилер «Бардык бийлик Советтерге!» деген ураан менен чыгышкан. СССРде биринчи май тынчтык жана элдердин ортосундагы достук майрамы катары майрамдалып, 1-май 1918-ж. РСФСРдин, 2-май 1928-ж. 23-апрелде СССР БАКтын чечими менен дем алыш күнү деп жарыяланган. Кыргызстанда 1917-ж. биринчи май Эркиндик күнү деп аталып, Ош, Пишпекте, КызылКыя, Сүлүктү көмүр кендеринде митинг, манифестациялар өткөрүлгөн. Бул майрам бүгүнкү күндө да эмгекчилердин эл аралык тилектештиги күнү катары белгиленет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү