Бирназар (Кара Мерген) уулу Касымбай

Бирназар (Кара Мерген) уулу Касымбай - (1873–1943) Тыныбек манасчынын жакын тууганы жана андан үлгү алган шакирттеринин бири, өз кезинде Нарын өрөөнүнө белгилүү болгон манасчылардын бири 1873-жылы туулган. Манасчы бугунун тынымсейит уруусунан болгон.

Жаш кезинде суу сугарып жүрүп, уктап кетет да, түш көрөт. Түшүндө Манас кырк чоросун ээрчитип бара жаткан экен. Кайрыла калып: “Балам, биздин баатырдык иштерибизди айтып жүргүң келеби?” – деп сурайт. Касымбай макулдугун берип, ойгонуп кетет. Караса, жанжагында эч ким жок. Атасы, кой союп, элдин батасын алып берет. Ошондон тартып манасчылыгы башталат. Андан эпостун “Манас” бөлүгүнөн: “Манастын бала чагы”, “Жети хандын окуясы”, “Көкөтөйдүн ашы”, “Чоң казат”, “Каныкейдин Букарга качышы”; “Семетейден”: “Семетейдин Сарытазга жолугушу”, “Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү”, “Семетей баатырдын Манастын кунун куушу”, “Семетейдин кайып болушу”, “Канчоронун кастыгы” эпизоддору баласы Дөөталынын айтуусунда жазылып алынган.

Бирназар уулу Касымбай 1943-жылы дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү