Бир добуштуулук принциби

Бир добуштуулук принцибиБУУнун Уставында (27-ст., 3-п.[1]) бекитилген БУУ Коопсуздук Кеңешинде чечим кабыл алуунун тартиби. Ага ылайык баардык маселелер боюнча чечим кабыл алууда Коопсуздук Кеңешинин баардык туруктуу мүчөлөрүнүн дал келген добуштары менен кошуп алганда 9дан кем эмес добуш талап кылынат. Бир эле туруктуу мүчөнүн каршы добуш берүүсү (туруктуу мүчөнүн ветосу) чечимдин четке кагылышы үчүн жетиштүү болот. Эгер алардын ичинен кимдир бирөө калыс калса, же добуш берүүгө катышпаса, анда бул чечимдин кабыл алынышына таасир этпейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү