Бир казандар (дат. Pelecanidae) - канаттуулар классындагы калак буттуулар түркүмүндөгү куштардын тукуму.

Тармал бирказан (Pelecanus crispus).

Тумшугу узун, анын алдыңкы тумшугунун учунан алкымына чейин чоюлтуч жаргак канчасы бар. Канаты чоң, куйругу кыска, өңү агыш, саям. 12-15 кг. Алар деңиздердин, дарыялардын, көлдөрдүн жээктеринде тобу менен уялайт. Бир казандар көбүнчө балыктар менен азыктанат. Жер шарынын ысык жана мелүүн аймактарында 1 урууга бириккен 8 түрү жашайт. Мала кызыл, тармал түрлөрү Сибирь, Казакстанда, Каспий, Кара деңиздерде көп кездешет. Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө сейрек учурайт. Бир казандардын териси промыселде колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.