Бишимбаевдин иши

Жарандык никедеги аялын өлтүрүүгө айыпталган Куандык Бишимбаевдин соттук иши

Бишимбаевдин иши — Жарандык никедеги аялын, 31 жаштагы Салтанат Нукенованы мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталып жаткан Казакстандын мурдагы Улуттутк экономика министри Куандык Бишимбаевдин соту. Казакстандын Жогорку соту анын сот ишин түз эфирде баштан аяк көрсөтүп, түз эфирде берген[1].

Окуяга чейин түзөтүү

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылордо айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алууга күнөөлүү деп табылган. 2019-жылы президенттин ырайымы менен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.

Окуялардын жүрүшү түзөтүү

Окуя 8-ноябрдан 9-ноябрга караган түнү болгон. Борбор калаадагы Bau ресторанында жубайлардын ортосунда чатак чыгып, жыйынтыгында Бишимбаев Нукенованы сабап салган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Бишимбаев мас абалында Нукенованын «башына бир нече жолу муштуму менен катуу урганда полго кулаган». Ушундан кийин Бишимбаев VIP-бөлмөлөрдүн биринде Нукенованы сабаганын токтоткон эмес. Жыйынтыгында Салтанат Нукенова алган жараттардан кайтыш болгон.

Бишимбаев өзү күнөөнү моюнга албай келет. Ал Салтанат катуу мас болгондуктан өзү бир нече жолу кулап, унитазга бети менен урунган, мен болгону бетине чапканмын деп карганууда.

«Мен жанына басып келип, чачынан алып бетин төрт жолу чапканмын – эки жолу сол кол менен, эки жолу оң кол менен. Бир убакта ал кулады. Мен аны үч-төрт жолу жамбашына, санына тептим. Мен таалуу жерлерине тийбегенге аракет кылгам. Бир гана жиним келгенинен үч-төрт жолу тээп алгам», – деп айткан Бишимбаев сотто[2].

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Нукенова баш мээсинен алган жаракатынан улам каза болгон. Мурду сынып, башында көп сандаган көгала жана жабыркоолор аныкталган[3].Бишимбаев тез жардам чакырбай койгон. Ал аталаш иниси Бахытжан Байжановго телефон чалып, кетонал менен аспирин алып келүүнү суранган.

Сотто Бишимбаев жаңжал чыккан видеолор телеграмма каналдарына түшүп калбашы үчүн тууганынан видеокамерадагы жазууларды алып салууну суранганы белгилүү болду. Экс-министр инисине Нукенованын геолокациясын жакындарынан жашыруу үчүн анын телефонун үйүнө алып кетүүнү да буйруган. Бирок экспертиза жана видео жазуулар Бишимбаевдин көрсөтмөсүн четке какты[3]. Экспертизанын жыйынтыгында айыпталуучу ырастагандай, Нукенова жаракатты жыгылгандан алган эмес.

Мындан тышкары, мамлекеттик айыптоо сотто байкоо камералары менен видеотасманы жарыялады. "Бишимбаев Нукенованын чачынан алып, тепкилейт, анан бетке урат. Андан ары аны VIP-кабинага киргизүүгө аракет кылып жатат", — деп түшүндүрдү прокурор видеого.

Соттун биринчи отурумунда, 29-мартта, ресторандын кызматкерлери видеокамералардагы жазуулардын бир бөлүгүн Бишимбаевдин иниси Байжановдун өтүнүчү менен өчүрүшкөнү белгилүү болду.

Ошол эле учурда, мамлекеттик айыптоочу бармендин берген көрсөтмөсүн окуп берди. Анын айтымында, милиция келгенге чейин Бишимбаев колуна бычак кармап алып басып жүргөн.

"Биз аны кармаганда Бишимбаев аялын өлтүргөнүн жана ал кабинада жатканын айтты. Ушундан улам, кыязы, ал өзүн да өлтүргүсү келген", — деп прокурор күбөнүн көрсөтмөсүн айтып берди[3].

Резонанс түзөтүү

Салтанат Нукенованын өлүмүнө байланыштуу иш Казакстандан сырткары көп жерде да чоң кызыгууну жаратты. Казакстандын тарыхында биринчи жолу сот залынан түз эфир уюштурулуп, Youtube платформасында көрүүлөрдүн саны миллиондоп саналат[2].

Соттук процесстин жүрүшүнө казакстандыктар гана эмес, башка өлкөлөрдүн тургундары, анын ичинде кыргызстандыктар да назар салып байкап турушууда[2].

Салтанат Нукенованын өлүмү коомчулукта чоң резонансты жана нааразычылыкты жаратты. Казакстандын тарыхында биринчи жолу сот залынан түз эфир уюштурулуп, соттун жүрүшүнө дүйнөнүн бардык булуң бурчунан назар салышууда. Бул ишти кыргыз медиалары да чагылдырып келишет, анткени үй-бүлөдөгү зомбулук Кыргызстанда да көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан курч маселелерден болуп эсептелет.

TikTok жана Instagram коомдук тармактарында #ЗаСалтанат хештэги менен флешмобдор уюштурулуп, анын катышуучулары Салтанатка жана үй-бүлөлүк зомбулуктун башка курмандыктарына социалдык роликтерди тартып, постторду жазып колдоо сөздөрүн айтып келишкен.

Бишимбаевдин соту уланып жаткан чакта Германиянын баш калаасы Берлин шаарында фемицидге жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция өткөн. Акциянын катышуучулары казак, англис жана орус тилдериндеги жазууларды көтөрүп, "Урса – демек камалат", "Бишимбаев өмүр бою соттолсун" деп кыйкырышты. Алар Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулук криминалдашпаганын белгилеп, экс-министрдин абактан кутулуп же аз гана мөөнөткө соттолушуна жол берилбеши керектигин билдиришти[4].

Булактар түзөтүү

  1. Бишимбаевдин иши: соттогу түз эфир сот системасына кандай таасир берет? (кырг.). ВВС Кыргыз Кызматы (12-апрель 2024). Текшерилген күнү 9 -май (бугу) 2024.
  2. 2.0 2.1 2.2 Урганы – жакшы көргөнүбү? Кантип Салтанат Нукенова үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөштүн символу болуп калды. (кырг.). factcheck.kg (19-апрель 2024). Текшерилген күнү 9 -май (бугу) 2024.
  3. 3.0 3.1 3.2 Айсымбат Токоева. Казакстанда аялын сабап өлтүргөн экс-министр соттолууда (кырг.). ВВС Кыргыз Кызматы (8-апрель 2024). Текшерилген күнү 9 -май (бугу) 2024.
  4. Бишимбаевдин иши: Казак активисттери Берлинде фемицидге каршы акция өткөрүштү (кырг.). Центральный Азия (9-апрель 2024). Текшерилген күнү 9 -май (бугу) 2024.