Бишкек троллейбусу1951-жылы 13-январда Бишкек шаарында ачылган троллейбус системасы[1]. Кыргызстандагы биринчи жана Орто Азияда үчүнчү (Алмата[2] менен Ташкенден[3][4] кийинки) троллейбус системасы.

Троллейбус системасы
Бишкек троллейбусу
Маалымат
Өлкө

 Кыргызстан

Жайгашкан жери

Бишкек

Ачылган датасы

30-январь 1951-жыл

Менчик ээси

«Бишкек троллейбус башкармалыгы» МИ

Жол кире акысы

17 сом (накталай эмес төлөм)
20 сом (накталай төлөм)

Каттамдар
Каттамдардын саны

3

Тармактын узундугу

395,3 км

Троллейбустардын курамы
Троллейбустардын саны

170

Троллейбустардын негизги түрлөрү

ЗиУ-682Г (71)
БКМ-321 (33) ВМЗ-5298.01-50 «Авангард»(34)
ТролЗа-5275.03 «Оптима» (37)

Троллейбус парктарынын саны

2

Бишкек троллейбусу Викиказынада

Фрунзеде троллейбус системасын куруу тууралуу чечимди Кыргыз ССР Министирлер Кеңеши 1946-жылы 13-августа кабыл алган. Ошондо Фрунзе шаардык эмгекчилер Кеңеши троллейбус системасынын биринчи кезектеги долбоорун бекиткен.

1946-жылы 29-июлда троллейбус паркынын курулушу башталган.

1951-жылы 13-январда троллейбус системасын өнүктүрүүнүн биринчи этабы башталган. Троллейбус линияларынын узундугу 8,4 чакырымды түзүп, МТБ-82 моделиндеги төрт троллейбус эки каттам боюнча иштеп баштаган: № 1 каттамы Линейный, Совет, Сталин (Чүй проспекти) көчөсүнөн баштап, Крупская атындагы балдар үйүнө чейин каттаган. Ал эми №2 каттам Темир жол вокзалынан Ленин проспектиси (Жибек- Жолу) аркылуу өткөн. Троллейбустар эки орундуу сан менен номерленген. Троллейбустун эң алгачкы айдоочусу Тагильцев Николай болгон[5]. Эң алгачкы жылдагы жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 3228 миң адамды түзгөн[5].

1952-жылы троллейбус линияларынын узундугу 17,4 чакырымга жетип, тургундарга 10 техника кызмат кылган. 60 орундуу №1 депо курулуп, Анда административдик корпус, профилактория, мастерской, гараж жана диспетчер пункту орун алган. Фрунзе троллейбус башкармалыгы ачылганда башкармалыкта жалпы 78 кызматкер эмгектенген[5].

1965-жылдан тартып МТБ-82 троллейбустары ЗиУ-5 жана анын модификациялары менен алмаштырылган. Троллейбустардын саны өскөндүгүнө байланыштуу үч сандуу номерлөө киргизилген.

1972-жылдан баштап модернизацияланган ЗИУ-682Б троллейбустары Фрунзе шаарына келе баштаган.

1976-жылы биринчи парктын кыймылдуу курамды жайгаштыруу ресурстары түгөнгөндүгүнө байланыштуу экинчи троллейбус паркы курулган. Ушуга байланыштуу төрт санду номерлөө киргизилет. Биринчи сан троллейбусту иштеткен парктын номерин билдирет, калган сандары троллейбустун катар номерин билдирет. Ар бир парктын өзүнүн кандайдыр бир номери болгон эмес, троллейбустарга шаарга алынып келинген кезегине жараша номер берилген.

1984-жылы Зиу-682В маркасындагы троллейбустары, ошондой эле бул маркадагы троллейбустардын ар кандай модификациялары иштей баштаган.

1991-жылдан тартып шаарда ЗиУ-682Г [Г00] маркасындагы троллейбустар иштей баштаган.

19801990 троллейбустар шаарда 18 каттамды тейлеген, линиялардын жалпы узундугу 232 чакырымга жетип, кубаттуулугу 43 миң кВт болгон 18 көмөкчордон орнотулган. Бирок жаңы троллейбустар стаып алынбай, эски унаалар капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнүнө карабастан, каттамдардын жана кыймылдуу курамдын саны азая баштаган. СССР кулагандан кийинки экономикалык кескин төмөндөө, бөлүктөрдүн, электр энергиясынын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын кымбатташы, троллейбус чарбасынын кызматкерлеринин эмгек акысынын төмөндөшүнүн натыйжасында кадрлардын тартыштыгы пайда болгон. Кошумча басым катары маршруттук таксилер тарабынан атаандаштык жаралган.

2009-жылы кыймылдуу курамдын олуттуу кыскарышына байланыштуу №2 троллейбус паркы жабылган. Калган кыймылдуу курам 1 троллейбус паркына өткөрүлүп берилген.

2013-жылы кыймылдуу курамдын, сатып алуулардан кийин санынын көбөйүүшүсүнө байланыштуу №2 троллейбус паркы кайрадан ачылган.

2018-жылдын сентябрында Интергельпо көчөсүндө жашаган жарандардын, ошондой эле ал жерде жайгашкан социалдык мекемелерге барган жарандардын өтүнүчү менен Фучик көчөсүнөн "Фрунзе заводу" акыркы аялдамасына чейинки катамды түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Линияны узартуу үчүн Димитров (Москва) көчөсү боюнча узундугу 800 метр линия курулуп, бул линия Интергельпо көчөсүндөгү линия менен кошулган. Линия 2018-жылдын 1-ноябрында ачылып №10 каттамдагы троллейбус иштей баштаган.

2024-жылдын 5-сентярында АКСМ 321 жана АКСМ 32102 маркасындагы 6 троллейбустар Ош шаарына берилген.

Бишкек шаарынын троллейбустарды сатып алуулары

түзөтүү
  • 1993 – 1994 жж.: ЗиУ-682Г [Г00] – 34 даана, ЗиУ-683В01 – 3 даана, ЗиУ-683В [В00] – 2 даана;
  • 2001-жыл: ЗиУ-682Г-018 [Г0Р] – 24 даана (Жапония Өкмөтү тарабынан берилген гранттык каражаттарга);
  • 2003-жыл: ЗиУ-682Г-018 [Г0Р] – 8 даана (Жапония Өкмөтү тарабынан берилген гранттык каражаттарга);
  • 2009-жыл: БКМ-321 – даана, БКМ-32102 – 11 даана (Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын насыялык каражаттарына);
  • 2013-жыл2015-жыл: ЗиУ-682Г-016.05 – 44 даана, ВМЗ-5298.01-50 «Авангард» – 35 даана (Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын насыялык каражаттарына);
  • 2018-жыл: ТролЗа-5275.03 «Оптима» – 37 даана, БКМ-321 – 15 даана (Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын насыялык каражаттарына).

Башчылары

түзөтүү
  • Конников Дмитрий Анисимович (1951 – 1953)
  • Бурмин Исай Семёнович (1953 – 1964)
  • Жаныбеков Камчыбек Жаныбекович (1973 – 2006)
  • Уметов Муратбай Каратаевич (2006 – 2008)
  • Милицкий Геннадий Андреевич (2008 – 04.12.2015)
  • Мадылбек Абдразаков (04.12.2015 – 23.03.2016)
  • Милицкий Геннадий Андреевич м.а. (23.03.2016 – 2017)
  • Өмүрзаков Артур (2017 – 10.12.2020)
  • Капаров Талантбек Ташиевич (17.12.2020 - а.у.)

Троллейбус системасын жабуу аракеттери

түзөтүү

2024-жылдын май айынан баштап Бишкек мэриясы шаардагы троллейбусту жабуу планын иштеп чыгууда. Негизги себеби катары «шаардын көрүнүшүн бузган жана моралдык жактан эскирген» деген маалымат таратылган. Троллейбустарды, жабдууларды жана инфраструктура объекттерин троллейбус системасы бар Кыргызстандын башка шаарларына өткөрүп берүү пландаштырылууда. 2024-жылдын 5-сентябрында Ош шаарына Бишкектен алгачкы троллейбустардын биринчи партиясы (6 даана) троллейбус жеткирилген[6]. Жалпысынан Ош шаарына Бишкектен 100 даана троллейбусту өткөрүп берүү күтүлүүдө[6].

2024-жылы 19-июнда Бишкек шаарынын троллейбус системасын демонтаждоо иштери башталган[7], биринчилерден болуп Байтик Баатыр көчөсүндөгү троллейбус линиялары алынып салынган[8][9][10].

2024-жылы сентябрдын башынада №2 троллейбус паркынын шаардын троллейбус системасы менен байланыштырган линиялары кесилгендигине байланыштуу ишин токтоткон[11].

Троллейбус каттамдары

түзөтүү
Каттамдын № Кыймыл-чиймеси Парк Кошумча маалымат Азыркы абалы
№1
  • «Асанбай» кичи району — Депо-2 («Тунгуч» кичи району аркылуу) (1979-жылдан жоюлганга чейин)
№2 2003-жылы каттамда бир гана троллейбус иштеген.

Ушул жылы бул каттам жабылган.

Жоюлган
№2
  • «Фрунзе» заводу — «Аламедин-1» кичи району. («Аламедин» жана «Ош» базарлары аркылуу)
№2 2018-жылы кайрадан ачылган[12].

2024-жылы Жибек Жолу проспектисинде оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу bgcolor="fde910"|Токтотулган.

Ушул эле жылдын август айында Киев көчөсүндөгү Ала-Тоо аянтынынын жанындагы троллейбус линиялары толугу менен алынып салынган.

Токтотулган
№3
  • Лермонтов көчөсү — Темир жол вокзалы (1979-жыл)[13]
  • Цирк — «Асанбай» кичи району (1996-жыл)[14]
  • «Асанбай» кичи району — Булгаары заводу («Дордой базары») (2007-жылдан жоюлганга чейин)[15]
№1 Жоюлган
№4
  • Ат спорттук мектеби — «Фучик» паркы (1979-жыл)
  • «Фучик» паркы — Булгаары заводу («Дордой базары») (1986-жылдан токтогулга чейин)
№1 2024-жылы автобус менен алмаштырылган[16]. Токтотулган
№5
  • Эски аэропорт — Чыгыш автобекети (1979-жыл)
  • «Аламедин-1» кичи району — Батыш автобекети (1996-жыл)
  • «Жал» кичи району — Чыгыш автобекети (2007-жыл)
  • «Жал» кичи району — «Туңгуч» кичи району (2023-жыл)
№2 2024-жылы автобус менен алмаштырылган[17]. Токтотулган
№6
  • Жумушчулар шаарчасы — 8 кичи району (1979-жыл)
  • Киркомстром — 8 кичи району (2008-жылдан жоюлганга чейин)
№1 Жоюлган
№7
  • Депо-2 — Эски аэропорт (1979-жыл)
  • «Туңгуч» кичи району — Темир жол вокзалы (1996-жыл)
  • «Туңгуч» кичи району — «Фрунзе» заводу (2008-жыл)
  • «Ак-Өргөө» кичи району — «Туңгуч» кичи району (2018-жылдан жоюлганга чейин)
№2 2024-жылдын август айында Киев көчөсүндөгү Ала-Тоо аянтынынын жанындагы троллейбус линиялары толугу менен алынып салынган. Токтотулган
№8
  • Дыйканчылык институту — Чыгыш автобекети (1979-жыл)
  • Чыгыш автобекети — «Ак-Өргөө» (2007-жыл)
  • «Ак-Өргөө» — «Аламедин-1» кичи району (2012-жыл)
  • «Ак-Өргөө» кичи району — «Туңгуч» кичи району (2024-жыл)
№1 Иш үстүндө
№9
  • Дыйканчылык институту — Лермонтов көчөсү (1979-жыл)
  • Дыйканчылык институту — «Аламедин-1» кичи району (1986-жылдан жоюлганга чейин)
№1 Жоюлган
№10
  • Ош базары — 8 кичи району (1979-жыл)
  • Ош базары — «Асанбай» кичи району (2007-жыл)
  • Фрунзе заводу — «Асанбай» кичи району (2018-жылдан жоюлганга чейин)
№1 2024-жылы Абдрахманов көчөсүндөгү линиялардын айрым тилкелери толугу менен алынып салынгандыгына байланыштуу автобус менен алмаштырылган[18]. Жоюлган
№11
  • Чыгыш автобекети — 6 кичи району (1979-жыл)
  • Чыгыш автобекети — «Асанбай» кичи району (2007-жыл)
  • «Аламедин» базары — «Асанбай» кичи району (2009-жыл)
  • Батыш автобекети — «Жал» кичи району (2024-жыл)
№2 2024-жылы Ахунбаев көчөсүндөгү линиялардын айрым тилкелери толугу менен алынып салынгандыгына байланыштуу акыркы аялдамасы «Жал» кичи районуна жылдырылган жана мурунку каттамды кайрадан калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Иш үстүндө
№12
  • «Фрунзе» заводу — 6 кичи району (1979-жылдан жоюлганга чейин)
№2 Жоюлган
№13
  • Ат спорттук мектеби — 6 кичи району (1979-жыл)
  • Депо-2 — 8 кичи району (1996-жыл)
  • «Туңгуч» кичи району — 8 кичи району — Депо-2 (2005-жылдан жоюлганга чейин)
№2 2000 жылдары каттамда бир гана троллейбус иштеген. Эртең менен 17 каттамга чыккан троллейстардын бири №13 каттамы аркылуу акыркы аялдамасына барган, кечкисин 17 каттамдагы жумушу аяктаган соң №13 каттамы аркылуу парк кайтып келген. Жоюлган
№14
  • «Фрунзе» заводу — Киркомстром (1979-жыл)
  • Киркомстром — Эски аэропорт (1986-жыл)
  • Киркомстром — 8 кичи району (1996-жыл)
  • Киркомстром — «Жал» кичи району (2008-жыл)
№1 Иш үстүндө
№15
  • «Аламедин-1» кичи району— 6 кичи району (1986-жыл)
  • «Аламедин-1» кичи району— «Асанбай» кичи район (1996-жылдан жоюлганга чейин)
№2 2024-жылы №15 каттам бир жума иштеп. кайрадан токтотулган. Токтотулган
№16
  • Жумушчулар шаарчасы — Цирк (1980-жыл)
  • «Ак-Өргөө» кичи району — Цирк (2007-жылдан жоюлганга чейин)
№1 Жоюлган
№17
  • 6 кичи району — Булгаары заводу («Дордой базары») (1980-жыл)
  • «Асанбай» кичи району — Булгаары заводу («Дордой базары») (1996-жыл)
№2 Токтотулган
№18
  • Эски аэропорт — Цирк (1980-жылдан жоюлганга чейин)
№2 Жоюлган

Троллейбустардын курамы

түзөтүү
 
БКМ-32102 №1608 троллейбусу. Ж.Абдрахманов көчөсү
 
ВМЗ-5298.01-50 «Авангард» №1713 троллейбусу. Ж.Абдрахманов көчөсү
 
ЗиУ-682Г-016.05 №1822 троллейбусу. Аалы Токомбаев көчөсү
Марка Иштеген жылдары Саны
МТБ-82 1951-жыл — 1972-жыл
ЗиУ-5 1960-жыл — 1984-жыл
ЗиУ-5Г 1960-жыл — 1984-жыл
ЗиУ-5Д 1968-жыл — 1987-жыл
ЗиУ-682Б 1972-жыл — 1995-жыл
ЗиУ-682В 1984-жыл — 2013-жыл
ЗиУ-682В [В00] 1985-жыл — 2014-жыл
ЗиУ-682В1 1987-жыл — 2014-жыл
ЗиУ-682В-012 [В0А] 1988-жыл — 2021-жыл
ЗиУ-682В-013 [В0В] 1989-жыл — 2014-жыл
ЗиУ-682Г [Г00] 1991-жыл — 2016-жыл
ЗиУ-682Г-018 [Г0Р] 2001-жылдан тартып 2 кызматтык
ЗиУ-682Г-016.05 с 2013-жылдан тартып 44
ЗиУ-683В01 1993-жыл — 2006-жыл
КТГ-1 1978-жыл — 1990 жж.
КТГ-2 1990-жылдан тартып 1 (кызматтык)
БКМ-321 2009-жылдан тартып 33
БКМ-32102 2009-жылдан тартып 9 (1 служебный)
ВМЗ-5298.01-50 «Авангард» 2013-жылдан тартып 34
ТролЗа-5275.03 «Оптима» 2018-жылдан тартып 37
Жалпы 165 (4 кызматтык)

Галерея

түзөтүү

Булактар

түзөтүү
  1. В Бишкеке 70 лет назад пошел первый троллейбус
  2. Алматинский троллейбус
  3. Ташкентский троллейбус
  4. Оглядываясь назад: закрытию Ташкентского троллейбуса 10 лет
  5. 5.0 5.1 5.2 Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайты. Алгачкы троллейбус 1951-жылы каттамга чыккан
  6. 6.0 6.1 Ош шаарынын мэриясы. Ош шаарына Бишкектен алгачкы троллейбустардын партиясы келди
  7. Законно ли начался демонтаж троллейбусных линий?
  8. Бишкек хотят избавить от троллейбусов – их передадут в Ош, Кара-Балту и Токмок
  9. Мэрия Бишкека: Надо убрать троллейбусную линию по Советской
  10. В Бишкеке троллейбусы заменят электробусами
  11. Бишкек. Демонтаж троллейбусных линий
  12. Калаада №2 жаңы троллейбустук каттам ачылат
  13. Фрунзе шаарынын 1979-жылга карата троллейбустарынын кыймыл-чиймеси
  14. Бишкек шаарынын 1996-жылга карата троллейбустарынын кыймыл-чиймеси
  15. Бишкек шаарынын 2007-жылга карата троллейбустарынын кыймыл-чиймеси
  16. Бишкекте №4 автобус каттамы иштей баштайт
  17. Бишкекте жаңы №5 автобус каттамга чыкты
  18. Борбор калаада №10 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирүүдө


Тышкы шилтемелер

түзөтүү