Биэла кометасы — асман телосу. 1826-ж. чехиялык астроном В. Биэла ачкан. Ал кометаны 1772, 1815, 1826, 1832, 1845-ж. көптөгөн окумуштуулар байкашкан. 1845-ж. кометанын өлчөмү чоңоюп, экиге бөлүнгөн. Бул эгиз комета 1852-ж. кайрадан бири бирине 2,4 млн км аралыкка жакындашып, бир ай бою көрүнүп турган да, кийин такыр жок болуп кеткен. Ал комета 1872-ж. да көрүнүүгө тийиш болчу, бирок анын ордуна ошол жылы 26-ноябрда Европада жана Түндүк Америкада метеорлор жааны байкалган. Мындан Биэла кометасы метеор агымына айланып кеткен деп болжолдоого болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү