Бланкизм - Л. О. Бланкинин көз карашын жана тактикасын жактоочу саясий агым. Бланкисттер аз гана кишиден турган жашыруун иерархиялык уюмду түзүүнү, ушул уюмдун капысынан куралдуу чыгуусу менен бийликке жетүүнү көздөшүп, революциячыл ситуациянын бар-жогун эске алышпайт.

Л. О. Бланки (1805-1881).

Бланкисттердин мындай аракеттери (1839, 1870-ж. Париждеги көтөрүлүштөр) ордунан чыккан эмес. Бланкисттик тактика жумушчулардын аң-сезиминин өсүшүнө, маркстик Социалисттик партиялардын пайда болушуна жараша жоюлду.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.