Блантайр - (Blantyre), Блантайр Лимбе Малави мамлекетинин түштүгүндөгү шаар. Түштүк районунун борбору. Калкы 585 миң (2005); калкынын саны боюнча өлкөнүн борбору Лилонгве шаарынан кийинки 2-шаар. Шире тайпактоосунун этегинде жайгашкан. Жолдор тоому жана темиржол бекети. Эл аралык аэропорту бар. 1876ж. шотландиялык миссионерлер тарабынан негизделип, саякатчы Д. Ливингстон жашаган шаардын атынан коюлган. 1895-ж. шаар статусун алган. Малави университетинин политех. жана медициналык коллеждери, улуттук музей (1959) бар. Блантайр өлкөнүн экономикалык, соода жана өнөр жай борбору. Тамак-аш, жеңил, химиялык, металл иштетүүчү өнөр жайы иштейт. Айыл чарба сырьёлору ишгетилет. Тактай тилинет.

Блантайр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү