Блеф (англ, bluff - алдоо, коркутуу) - көбүнчө жүрүм-турумдун (анын ичинде саясий) инсандык линиясы дегенге дал келет.

«Блеф» түшүнүгү карта оюнунун тажрыйбасынан киргизилген; ал ошондой эле ар түрдүү саясий күчтөрдүн - топтордун, партиялардын, союздардын чоң күчтөрдү демонстрациялоо же мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк таасир этүү аракеттерин белгилөө үчүн дагы колдонулушу мүмкүн. Саясий сөздүктөрдө, бирок адатта метафоралык мааниде көп учурайт. Ошол эле учурда саясатчылар менен саясий психологдордун айланасында Блефтин стратегиялары саясий таасир этүүнүн каражаттарынын бири катары иштелип чыгат. Алдоо менен козутуудан айырмаланып, Блеф өзүнүн тууралыгына ишенимдүүлүктүн жетишээрлик жогорку деңгээли, каалаган натыйжанын «ачыктыгы» менен мүнөздөлөт.

Ошентип, Чехословакиядагы советтик элчиликке жогорку советтик аскер начальниктеринин «алдоосу» туурасындагы немец чалгынчылары тарабынан ташталган каттар - козутуу; вермахттын жеңилбестиги жөнүндөгү Гитлердин мактаныч сөздөрү - Блефтин элементтери Хайек (биринчи кезекте «социалдык» деп аталган сын атоочту талдоо менен, андан дагы тереңи - бул «социалисттик» деген сын атоочко мүнөздүү, өзгөчө «социалисттик эмгек», «социалисттик тандоо» ж.б. сөз айкаштарында) «виляющий» деп атаган сөздөр менен сөз айкаштарын колдонууда көрүнөт. Бул өңдөнгөн сөздөр каалаган идеологиялык конструкцияда жана ага ылайык келген саясий риторикада бар. Күнүмдүк саясий сөздүктө «Блеф» термини көбүнчө ылайыксыз маанидеги саясий партияларды көрсөтүү үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8