Блокинг-генератор - мезгили менен кайталанып туруучу аз убакыттык импульсту пайда кыла турган, терең тескери байланышы бар бир лампалуу же бир транзистордуу генератор.

Блокинг-генератордо күчтүү оң тескери байланыштын бардыгы импульстун башталып улам күчөшүндө жана басаңдашында электрондук лампадагы токтун күчүн тез көбөйтүп жана азайтып турат. Импульстун узактыгы (0, 05- 25 мксек) конденсатордун заряддалуу убакыты жана трансформаторлордун параметрлери менен, ал эми им-пульстардын аралыгындагы убакыттын узактыгы конденсатордун резистор аркылуу разряддалуу убакыты менен аныкталат. Конденсатордун сыйымдуулугун өзгөртүү менен импульстун узактыгын жөнгө салууга болот. Блокинг-генератор өзү термелме жана сырттан башка импульс термелтүүчү болуп айырмаланат. Блокинг-генератор импульстук техникада, теле көрсөтүүчү жана радиолокациялыуу түзүлүштөрдө, жыштык бөл-гүчтөрдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.