Блок (техникада) - 1) жип, чынжыр, зым аркан айлана боюнча арта салынуучу кобулдуу дөңгөлөк түрүндөгү тетик же жөнөкөй механизм. Механизм менен машинада күч аракетинин багытын өзгөртүү (кыймылсыз блок), күчтөн же аралыктан утуш алуу (кыймылдуу блок) үчүн колдонулат. Арналышына карата багыттагыч, теңсалмактагыч, кыймылдуу (валга айлануу кыймылын берүү үчүн), кыймылсыз түрлөрү бар. Күчтөн же ылдамдыктан утуш алууда жүк көтөрүүчү механизм полиспаст колдонулат; 2) бир нече бирдей бөлүктөрдөн турган, мисалы, ичинен күймө кыймылдаткычтагы цилиндрлер блогу, көп шпинделдүү тестеги (станоктогу) шпинсалмактагыч; в күчтөн утуш алуучу кыймылдуу тетик; г жолдон утуш алуучу кыймылдуу тетик; Р күч. дель блогу; 3) имараттарды курууда жана жолдун бетин асфальт-бетон менен каптоодо колдонулуучу чон өлчөмдөгү таш (бетондон, карападан жасалган).

Колдонулган адабияттар түзөтүү