Блонский Павел Петрович
Павел Петрович Блонский (1884–1941) – педагог жана психолог, педагогика илимдеринин доктору (1935).
Павел Петрович Блонский | |
Толук аты-жөнү | Павел Петрович Блонский |
---|---|
Төрөлгөн |
26.5.1884 (14) Киев |
Көз жумган |
15.2.1941 Маскөө |
Мектеп | Диалектикалык материализм |
Кызыккан темалар | Антикалык философия, Психология, Педагогика |
Педологиянын эң алгачкы теоретиктеринин бири. Коомдук тарбия академиясын түзүүгө катышкан жана аны жетектеген. Блонскийдин баштапкы чыгармалары тарыхый-философиялык жана тарыхый-пед. өнүттө болгон. Эмгекке жана политехнизмге негизделген массалык толук эмес орто билим берүүнү баланын коом мүчөсү катары калыптанышынын башкы фактору катары негиздеген. Анын бул эмгектери СССРдеги мектеп системасынын курулушунда теоретикалык-педагогикалык негиздемелердин бири катары кабыл алынган.
Блонскийдин түрдүү курактагы балдардын табияты жана аларды тарбиялоо, окутуунун өзгөчөлүктөру жөнүндөгу көз караштарын “Педология” (1934; 2-чыгарылышы, 1936) окуу китебинде жалпылаган. Ал эми «Психологиялык очерктер» (1927) аттуу китебинде психологиялык турмуштун келип чыгышы жана өнүгүшү психологиялык ишмердиктин түрдүү денгээлдери катары чечмелеген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,