Блюхер Василий Константинович

Блюхер Василий Константинович (19. 11. 1890-9. И. 1938) - советтик аскердик жана парт, ишмер. Советтик Союз. Маршалы (1935).

  • 1916-жылдан КПССтин мүчөсү. Ярослав губерниясында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жумушчуларды иш таштоого чакыргандыгы үчүн түрмөгө камалган. Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан.
  • 1915-ж. Казанда, Сормоводо слесарлык кылган.
  • 1917-ж. Февр. революциясынан кийин Самара парт, уюмунун чечими боюнча солдаттардын арасында революциячыл иш жүргүзүү үчүн Самарадагы 102-запас полкуна ыктыярдуу кирет. Самарада Совет бийлигин орнотууга активдүү катышат, ноябрдын аягында Челябинскиге кызыл гвард. отрядга комиссар болуп жиберилет, адегенде ревкомдун, 1918-ж. мартта Советке председатель болуп шайланат.
  • Дутовдун бандасына каршы күрөшөт. Чехосл. корпустун козголоңунан кийин Оренбургдун жанында курчоодо калган советтик аскерлерге башчы болуп, Уралда (1500 км) баатырдык рейд жасайт да, сентябрда З-Кызыл Армияга кошулат. З-Армияга командачылык кылып, Колчактын аскерий талкалайт.
  • 1920-ж. Каховканы коргоого, Перекошу алууга катышат.
  • 1921-22-ж. Ыраакы Чыгыш Эл Республикасынын аскер министри, Элдик революциячыл аскерлерине башкы командачы, Аскердик советине мүчө; армияны кайра түзүүгө жана Болочаевскинин жанында ак гвардиячыларды талкалоого жетекчилик кылган.
  • 1924-27-ж. Гуанчжоудагы (Кантон) Кытай революциячыл өкмөтүнүн алдында башкы аскердик кеңешчи болуп турган. 1929-38-ж. Ыраакы Чы-гыштагы Кызыл Туулуу атайын армияга командачы, 1929-ж. совет-кытай чатагы чыкканда, кытай милитаристтерин талкалоого жана Ыраакы Чыгышта кубаттуу коргонууну түзүүгө жетекчилик кылган. Блюхер таланттуу жана эрктүү, өтө мээнеткеч, мээримдүү аскер жетекчиси болгон.

Партиянын 17-съездинде (1934) ВКП (б) БКнын мүчөлүгүнө кандидаттыкка шайланган. 1921-24-ж. ББАКтын, 1930-38-ж. СССР БАКтын мүчөсү, СССР Жогорку Советинин (1-шайл. ) депутаты. В. биринчи болуп Кызыл Туу жана Кызыл Жылдыз ордендерин алган, кийин Ленин ордени ж. б. ордендер менен сыйланган.

Негизсиз репрессияланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.